Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгилге карата милиция кызматкерлеринин даярдыгы текшерилди

2023-жылдын жайкы туристтик мезгилин даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 1-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.


Ага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов жана Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Орунбай Кочкоров катышты.


Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гарнизондук саптык кароону өткөрүү учурунда анын негизги максатына токтолуп, 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.
«Жыл сайын ушул мезгилде коопсуздукка багытталган иш-чараны өткөрүп, туристтик мезгилге даярдык көрүүнү салтка айлантканбыз. Ошондуктан, бүгүн милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү үчүн гарнизондук саптык кароону өткөрүп жатабыз. Анын негизинде тынчтыкты бекем сактап, бардык аймактарда эли-журтубуздун коопсуздугун камсыздап, эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүүнү – приоритет катары белгилейм. Кайсы гана өлкө болбосун, өнүгүүнүн жолу туризм экендигин жакшы билесиздер. Эсиңиздерде болсо, былтыр “Таза суу, таза аба, таза адам” урааны менен жайкы туристтик мезгилди ачканбыз. Анткени, адамзатты каптаган пандемиядан кийинки мезгилде жана дүйнөлүк экономикалык кырдаалга байланыштуу туризмди өнүктүрүп, эл аралык нормаларга дал келген шарттарды түзүү үчүн кыйынчылыктарды чечүү жеңил болгон жок. Бирок, талыкпаган аракеттердин натыйжасында, быйылкы жылы көптөгөн эс алуучуларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүгө жетиштик.
Бүгүнкү күнгө чейин 2 миллионго чукул туристтерди тосууга даярданып келсек, быйылкы жылы 10 миллионго жакын туристтердин келишин күтүп жатабыз. Туристтик артыкчылыкты мындан ары жогорулатып, тейлөөнүн баардык деңгээлин жакшыртып, өлкөбүзгө келген конокторго ыңгайлуу жагдайларды тартуулап, коопсуздугун сактоо – жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын башкы милдети экендигин билдирем.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мындан эки күн мурда урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Чолпон-Ата шаарында 16 гектар аянтты камтыган, бардык талаптарга жооп берген парктын ачылышын жасады.
Заманбап парктын ачылышында “аймактарды өнүктүрүү аркылуу, туризм жаатында жагымдуу шарттарды түзүү” боюнча тапшырмаларды белгилеп өттү.
Берилген тапшырмаларды так аткаруу максатында, жалпы туристтик аймактардагы экологияга, креативдүү экономикага жана инфраструктураны өнүктүрүүгө карата басым жасайбыз. Башка өлкөлөрдүн туризм тармагына кызыгып, кыялданбастан, өзүбүздүн ажайып кооз жергебиздеги туризмди өнүктүрсөк, элдин жашоосун жакшыртууга, өлкөбүздүн экономикасын өстүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эл аралык кадыр-барктуу туристтик агенттиктерди, уюмдарды, чет элдик жана ата-мекендик инвесторлорду тартуу менен иш алып барууну негизги максат катары аныктап, бул багытта ишмердикти улантабыз. Эң башкысы айлана-чөйрөнү таза сактаганга, өлкөбүзгө келип эс алган туристтердин кайра кызыгып келишине, жарандарыбызга жумушчу орундарды түзүп, ар бир аймакта жергиликтүү инфраструктуранын өз алдынча өсүү темпин колдоого карата болгон күчүбүздү жумшайбыз.
Туризм багытындагы кирешелердин туруктуулугун камсыздап, чет элден келген коноктордун жана жарандарыбыздын арасында коопсуздуктун сакталышына басым жасап, туризм атаандаштыгын күчөтүүгө буга чейин кам көргөнбүз.
Дээрлик көпчүлүк аймактарда, шаар-райондордо 3 миңге жакын видео-камералар, анын ичинде адамдын жүзүн тааный турган камералар Ички иштер министрлиги тарабынан орнотулган. Анын алкагында, коомдук жайларды, туристтик зоналарды күнү-түнү көзөмөлдөп, координация иштерин жүргүзгөн мониторинг борборлору азыркы учурда тынымсыз иштеп жатат. Аны менен бирге, жол эрежелерин бузууларды жеринде аныктоо үчүн автоураган унаалары иш алып барууда. Ушуга окшогон дагы башка бир катар заманбап санарип-технологиялык каражаттарды колдонуп, элдин коопсуздугун сактоо ишке ашырылат. Кайсы гана эс алуучу болбосун, ээн-эркин жүрүшүнө бардык шарттар түзүлгөндүгүн билдирмекчимин»,-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө.
Ошондой эле, Акылбек Жапаров жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Ички иштер министрлиги, Президенттин аймактардагы өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөттөрдүн башчылары бир тартиптеги багыттуу иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл экендигин белгилеп, бир катар багыттар боюнча тапшырмаларды берди. Алар:
-Туристтик аймактарда жагымдуу шарттарды түзүп, орто жана чакан бизнестин коопсуз иштөөсүнө, экономикалык мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча ишкерлердин ортосундагы кызматтык байланыштарды чыңдап, чет өлкөлүк туристтерди жана инвесторлорду тартуу боюнча иш-чараларды алып баруу;
-Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жана туризм багытында иш алып барган баардык тармактар, ар бир аймактын өзгөчөлүгүнө жараша “атайын иш-мерчемдерди” түзүп, туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн, ар түрдүү күтүүсүз кырдаалдарга, оор кесепеттер менен коштолгон унаа кырсыктарына, кылмыштарга, укук бузууларга бөгөт коюу иштерин тынымсыз алып баруу;
-Туристтик-экологиялык милиция бөлүктөрү, милициянын көчмө кабылдамалары, жол коопсуздугун камсыздоо посттору жогорку тартипте иштеп, жардам сурап кайрылган жарандарга сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, профилактиканы тынымсыз жүргүзүү;
-Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өздөрү жооптуу болгон региондо экологиялык абалга өзгөчө көңүл буруп, туристтик аймактардын тазалыгын, шаар-райондордогу пансионат, эс алуу борборлору, лагерь, ден-соолукту чыңдоочу жайлардын жана эс алуучуларды кабыл алуу түйүндөрүнүн даярдыгына көңүл буруп, келип чыккан кемчиликтерди жеринде жоюу иштерин жүргүзүү;
-Ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду колдоо, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туризм багытын эл аралык деңгээлдеги жогорку потенциалга ээ кылуу даражасына жетүүгө карата аракеттерди көрүүгө басым жасалсын. Элди тейлеген бардык тармактардын жооптуу өкүлдөрү жана мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери өз-ара тыгыз байланышта иш алып барышсын.
«Биримдикте иштөөнүн натыйжасы – коопсуздукту камсыздаган милиция кызматына эле эмес, бардык тармактардын ишмердигине жакшы өбөлгө түзүп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, туризмдин эл аралык рынокто дараметин жогорулатууга жакшы шарттарды түзөт. Ар бир жергиликтүү бийликтин жетекчилери – жогоруда аталган багыттарды аткарууну колго алуусун табыштайм. Сиздерге жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн жасала турган маанилүү иштерди жана аткарууга зарыл болгон багыттарды белгилеп өттүм.
Мындан сырткары, быйылкы жылы жергебизде бир катар мамлекеттик Саммиттер, чет элдик делегациялар, эл аралык жолугушуулар өткөрүлөт. Мындай деңгээлде белгиленген иш-чараларда, тартипти бекем сактап, жүктөлгөн милдеттердин так аткарылуусун баарыңыздардан талап кылам.
Ички иштер министрлиги жана анын жер-жердеги бөлүктөрү коопсуздук иштерин жогорку тартипте алып баруусу зарыл экендигин белгилейм.
Ак эмгек, аруу тилек менен элге кызмат кылып, бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүгө катышып жаткан ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү менен бирге жарандардын коопсуздугун көздүн карегиндей сактоону тапшырам.
Мамлекеттин ички коопсуздугуна кам көрүү милицияга жүктөлгөндүктөн, бул ыйык ишенимди аткарууга жоопкерчиликти күчөтүп, иш алып барыңыздар. Өтөп жаткан кызматыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем. Өлкөбүздүн мындан ары өсүп-өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошуп, быйылкы туристтик мезгилди ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде өткөрөлү деген каалоо-тилегимди айтмакчымын»,-деди өз сөзүн жыйынтыктап жатып Акылбек Жапаров.
Гарнизондук саптык кароодо белгиленгендей, жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы