Бишкекте электр энергиясы кыска убакытка өчүрүлдү

Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Электр жарыгы өчкөн райондор такталган жок.
Министрликтин маалыматына караганда, адистер электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин жана жагдайларын тактап жатышат. Кырдаал Энергетика министрлигинин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте электр энергиясы боюнча үзгүлтүктөр байкалууда. Шаардын айрым райондорунда жарык өчүп калган. Ушундай эле көйгөйлөр Алматы шаарында да катталды. Ал жакта электр энергиясын берүүчү аба чубалгыларынын авариялык өчүрүлүшү шаардын бир нече районуна жана Алматы облусуна электр энергиясын берүүдө үзгүлтүккө алып келди.
Электр энергиясы менен камсыздоодогу көйгөйлөр тууралуу Тажикстандын ЖМКлары да билдирүүдө. Алардын маалыматына караганда, Душанбе жана өлкөнүн башка шаарларынын тургундары электр энергиясынын өчүрүлүшүнө туш болушууда.



