Окуялар

УКМК: Баткен облусунда тыюу салынган “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюмунун кара желеги табылды — ВИДЕО

2023-жылдын 25-майында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган “ИМ” ЭТУнун желеги табылган. Ошондой эле тосмонун дубалдарына: “Сени кыйратканды жок кыл”, “Сенин камераң сага жардам бербейт”, “Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо” деген жазуулар калтырылган.

КР УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.

2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана “ИМ” ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген “ИМ” ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button