Эмне деген акмакчылык! Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн экологиясына тынчсызданып, элге кайрылды
Ушул тапта президенттин катышуусу менен ӨКМ кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп жатат.
Анда өлкө башчы Ысык-Көлдүн суусун куткаруучулар 4 айдан бери тазалап жатканын, бул аралыкта 96 миң метрге жакын тор жана 6 тонна таштанды чыгарылганын кошумчалады.
«Ысык-Көлүбүздүн экология темасын улай турган болсок, бул жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көл түбүндөгү таштандылардан жана браконьерлердин балык уулоочу торлорунан тазалоо ишин колго алышты, — деди президент Садыр Жапаров.
«Туугандарга кайрылып кетет элем. Салган торлоруңар унутулуп калып, түшкөн балыктар чирип жыттанып кетип жатат. Бул эмне деген акмакчылык! Көлдүн түбүнүн баары эле тор болуп кеткен. Көлдүн түбү эле эмес,тегерегинин баары таштанды»- деди президент.



