Окуялар

Бишкекте шампунь ичип ууланган аял ооруканага түштү

Бишкек шаарынын тургуну шампунга ууланды. Бул тууралуу Тез жардам кызматынын кызматкери билдирди.

Маалыматка караганда, 18-июнда “103” кызматына чакыруу түшкөн.

Жерине келген кызматкерлер 69 жаштагы аял йогурт деп ойлоп, шампундун 4/1 бөлүгүн ичкенин аныкташкан.

 “Аялдын ашказанын көпкө жуудук, себеби көбүк көп чыкты”, — дешти кызматкерлер.

Керектүү дарылар берилген соң, аял Бишкек шаарындагы «Тез жардам» клиникалык ооруканасынын токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button