ИИМдин Күзөт кызматында саптык кароо өткөрүлдү

2023-жылдын 28-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратында жана аймактык күзөт бөлүмдөрүндө саптык кароолор өткөрүлдү.
ИИМдин Күзөт кызматынын Борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароо-тескемесин башчынын орун басары Ралис Касановдун катышуусунда өттү.
Саптык кароо 31-август-Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналып, Мамлекеттик гимндин коштоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды.
Саптык кароодо Ралис Касанов кызматкерлердин кийим-кечегин, кызматтык күбөлүктөрүн жана тыкандуулугун текшерип, орун алган кемчиликтерди оңдоону тапшырды.
Аталган иш-чаранын максаты ички иштер органдарынын өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүлүүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгын колдоо.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдарды өткөрүү учурунда Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.
Күчтөрдүн жана каражаттардын эсеби боюнча республика боюнча салтанаттуу иш-чараларга Күзөт кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн миңден ашык кызматкерлери аймактык ИИОнун бөлүмдөрүнө бөлүнүп берилет.



