Коом
Жогорку сот Украинадагы атайын операцияга катышкан делген кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулуна чыккан өкүмдү жокко чыгарды
Иш кайрадан териштирүү үчүн Бишкектин райондук сотуна жөнөтүлдү.
31 жаштагы жаран январь айында атасына (ал мурун Россияда иштеп, жашап келген) жолугуу үчүн келген жеринен кармалган. Кубанычбек уулу жалданмачылык беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.
Кийинчерээк ал Россиянын бийлигинен ага жарандык берүүнү суранган. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Кубанычбек уулуна РФ паспортун берүү маселеси иштелип жатканын билдирди.



