Без рубрики

Садыр Жапаров «Акылман» лицейине пландан тышкары барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейине пландан тышкары барды.

Мамлекет башчысы лицейдин окуучулары менен маек куруп, алардын окуу программасы, жетишкендиктери жана келечек пландары тууралуу кызыкты.

Ал лицейде көрсөтүлгөн билим деңгээлин жана таланттарын жогору баалап, окуучуларды өнүгүүсүн улантууга жана жаңы бийиктиктерге умтулууга үндөдү.

Колдоонун жана мотивациянын символу катары Президент Садыр Жапаровдун атынан лицейдин ар бир окуучусуна окуу процессин жеңилдетүү жана өзүнүн потенциалын ачууга көмөк көрсөтүү максатында планшеттер берилди.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы мындан ары окуунун жүрүшүндө алынган билим өлкөнүн жана коомдун жыргалчылыгы үчүн багытталышы керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button