Коом
Баткенде акысыз азык-түлүк берген дүкөн ачылды

Социалдык дүкөн Россия менен АКШда иштеген кыргызстандыктардын колдоосу менен иштеп жатат. Мекендештер атайын эсепке ай сайын акча которуп турушат.
Азык-түлүк жергиликтүү бийлик тарабынан берилген тизмедеги жардамга муктаж болгон адамдарга акысыз берилет.
Самат Сыдыков көчөсүндөгү дүкөн дүйшөмбү, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү саат 11:00дөн 16:00гө чейин иштейт.




