Коом
Парламентте ата-энесин карылар үйүнө таштап, аларга алимент төлөбөй койгон балдарды жазалоо сунушталды
Мындай мыйзам долбоорун Тазабек Икрамов иштеп чыккан, аны парламенттин тиешелүү комитети жактырды.
Депутаттын айтымында, ата-эне эч убакта өз баласына алимент төлөп бер деп арыз жазбайт. Андыктан, аталган мыйзамда ата-эне карылар үйүнө келгенде мекеменин директору алимент өндүрүү үчүн сотко кайрылышы керектиги айтылат.
“Ата-энесин таштап, мамлекеттик жумушта иштегендер бар. Мыйзамда мындай адамдарды мамлекеттик жумушка албоо каралган. Өзүнүн ата-энесине жакшылык кылбаган адам мамлекет үчүн жакшылык жасабайт”, — деди Икрамов.
@abal-kg



