Билим берүү жана илим министрине талапкер Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттардын сынына жооп берди.
Депутат Айбек Маткеримов талапкер мурда бейөкмөт уюмдарда иштегенин кыйытып, “үрп-адатыбызга каршы келген нерселерди колдоп жүргөн экенсиз, эми билим берүүнү кайсы тармакка буруп барасыз?” деген суроо узаткан.
Кендирбаева улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коюп, салттуу баалуулуктарды улантуунун үстүндө иштээрин айтты.