Коом
Бишкектеги №1 тергөө абагын шаар сыртына көчүрүлөт

Ал үчүн президенттин фондунан 26 миллион 300 миң сом бөлүндү.
Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев түзүмдүн тогуз ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде билдирди.
Ал 2000 орунга ылайыкталып, Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылына (СИЗО-50 аймагында) жайгаштырылат.
Аталган айыл борбор калаадан 22 чакырым аралыкта жайгашкан.



