Коом

Баткенде чек арада курулган жаңы ооруканада 5 наристе төрөлдү

Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын төрөт бөлүмүндө үч уул жана эки кыз жарык дүйнөгө келди. Эне-балдардын абалынан президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кабар алып, белектерин тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Облус башчысы наристелерге узун өмүр, бекем ден соолук каалап, кыргыздын керегине жараган уул-кыздардан болушуна тилектештигин билдирди. 

Белгилей кетсек, аталган оорукана облус борборунан 50 чакырым алыстыктагы чек ара айылдарынын калкына медициналык кызмат көрсөтөт.

Бейтапкана үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилген.

Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарынын социалдык көйгөйүн жеңилдетүү максатында мамлекет башчысынын жеке колдоосу менен курулган. Ал жалпы 75 орунга ылайыкташкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button