Дүйнө

Орус аскеринде келишим менен кызмат өтөгөндөргө жарандык берилет

Украинадагы согуш аяктаганга чейин орус аскеринин катарында кызмат өтөөгө келишим түзгөн чет элдик жарандарга жарандык берилет. Бул боюнча мыйзамга Владимир Путин кол койду.

Ага ылайык Орусиянын армиясында кызмат өтөгөндөргө паспорт алуу жолу жеңилдейт. Алар жана үй-бүлөсү менен бирге орус тилинен, тарыхынан жана мыйзамдары боюнча сынак тапшырбайт.

Мындай чет элдиктерден өлкөнүн аймагында кеминде 5 жыл жашоо талап кылынбайт.

Орус жарандыгын жаңы алгандар куралдуу кагылышууга катышканы үчүн мекенине дагы өткөрүлүп берилбейт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button