Коом
Салык кызматы катаал чаралар тууралуу эскертти

Аталган мекеме карыз жөнүндө билдирүүлөрдү салык төлөөчүлөргө Cabinet.salyk.kg сайтындагы «жеке салык кабинети» аркылуу жибере баштады.
Ал жөнөтүлгөн учурдан 5 күн өткөндөн кийин тапшырылды деп эсептелет. Ал эми ыктыярдуу түрдө төлөө үчүн 15 күн берилет.
Болбосо төмөнкүдөй ыкмалар менен өндүрүп алат:
▪️банктын эсептен акчасын чыгарып алуу;
▪️салык постун орнотуу (комплекстүү текшерүү);
▪️чет өлкөгө чыгууга чектөө;
▪️сот аркылуу төлөтүү.
Салык кызматы жарандарды жеке кабинетине кирип карызы бар-жогун текшерип турууга чакырат.



