
Бүгүнкү күнгө карата Мангистау облусундагы Каракөл көлүнөн 828 ак куунун өлүгү табылды. Экологдор жергиликтүү мейманканадан чыккан суу көлгө куюлуп, анда зыяндуу заттар бар экенин аныктаган. Мындан тышкары, иликтөө куш тумоосу (H5N1) бар экенин тастыктаган.
Аталган көлдө 21-декабрда да 30 куштун өлүгү табылып, жергиликтүү бийлик алар куш тумоосуна чалдыкканын билдирген. Бирок 1-январда активист, блогер Азамат Сарсенбаев кырылган ак куулардын саны мындан да көп экенин айтып чыккан. Андан соң Экология министриги ак кууларды дрон менен тартканы үчүн Сарсенбаевге айып пул салган. Жергиликтүү экологдордун айтымында, «ак куулар анын «дронунан» алсырап, куш тумоосунун вирусуна көбүрөөк кабылган». Бул кабарды уккан казакстандыктар блогердин айып пулун бир сааттын ичинде топтоп беришкен.



