Коом

УКМК: Калкты социалдык жактан коргоонун мамлекеттик органдарындагы системалуу коррупция аныкталды

Калкты социалдык жактан коргоо мамлекеттик органдарындагы системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында, КР УКМК тарабынан Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн башкы адиси С.Н.Д. тарабынан 1 113 765 сом суммасында бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы аныкталды. 

2024-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бюджетинин акча каражаттарын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталган С.Н.Д. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button