Коом

ИИМ: Сый акы үчүн унааны мыйзамсыз каттаган факты аныкталды

ИИМдин КИББдин Төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери категориясын өзгөртүү менен унааны мыйзамсыз кайра каттаган фактыны аныкташты.


Такталган маалымат боюнча 2024-жылдын январында Чүй облусунун жашоочусу “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалынын кызматкерлерине «Мерседес Бенц Спринтер 316CDI» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу транспорт каражатын кичи автобус катары кайра жабдыктоо жана кайра каттоо маселеси менен кайрылган.
Ал жактан айрым кызматкерлер табылып, акчалай сый акы үчүн унаатранспорт каражатынын документтерин алмаштырууга макул болушкан. Ошондой эле, адамдарды ташууга арналган транспорт каражатынын техникалык паспортун даярдап беришкен. Өздөрүнүн кызматы үчүн кызматкерлер накталай жана электрондук капчык аркылуу 60 миң сом алышкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул факты тастыкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында “Унаа” мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалынын эки кызматкери жана бир ортомчу кармалды.

Жогорудагыдай фактыларды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button