ДүйнөКоом

Улан Ниязбеков Эр–Рияд шаарында Сауд Аравия Падышалыгынынын Ички иштер министринин орун басары Насер бин Абдель Азиз Аль Дауд менен жолукту

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, Сауд Арабия Падышачылыгын борбору Эр-Рияд шаарында жогорку деңгээлде өткөрүлүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк коргонуу көргөзмөсүндө иш сапары менен барды.

4-8-февралга чейин Эр-Рияд дүйнөнүн 750 өлкөсүнөн 65тен ашык компаниянын коргонуу өнөр жайынын эң алдыңкы курал-жарактарын жана аскердик техникаларын көрсөтүү боюнча дүйнөлүк борборго айланды.

Дүйнөлүк коргонуу көргөзмөсү Сауд Арабиянын борбор калаасында 2022-жылдагы дебютунан кийин экинчи жолу өтүп жатат. Быйылкы жылдын темасы «Эртеңки күн үчүн жабдыктар».

Иш сапардын алкагында Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун Сауд Аравия Падышалыгынынын Ички иштер министринин орун басары Насер бин Абдель Азиз Аль Дауд менен эки тараптуу жолугушуулары өткөрүлдү. Жолугушууга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, ИИМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов жана ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы Башкармалыгын башчысы Каныбек Абдырахманов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, мындай достук мамиледеги эки мусулман элдин бири-бирин алдыга карай өнүгүүгө болгон колдоосу жагымдуу көрүнүшкө айланып жаткандыгын айтып, бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин ортосунда соода, экономика, энергетика, саламаттык сактоо, коопсуздук жана туризм сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө кызматташтык активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги да коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракеттерди көрүп жаткандыгын да белгиледи. Тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде чек аралардагы уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.

“Сиздерге белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө баңги каражаттарын өндүрүшүнүн өсүшү, жаңы синтетикалык баңги заттардын пайда болушу чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Афганистанда мыйзамсыз өндүрүлүп жаткан опиаттардын түрлөрү Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу да башка мамлекеттерге таралып жаткандыгын жакшы билесиздер. Бул транзиттик жолдорду коргоо кыйын жана кымбат болуп, заманбап каражаттарды, учкучсуз учуучу аппараттарды жана башка заманбап жабдууларды колдонууну талап кылууда. Мунун айтып жатканымдын себеби, Сауд Арабия Падышалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууда дүйнөлүк лидерлердин ичинен бай тажрыйбасы бар экендиги бизге өзгөчө маанилүү”- деди Улан Ниязбеков.

Эки тараптын өкүлдөрү кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек. Жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышачылыгынын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү багытында бирдиктүү иш чаралардын зарылдыгын белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button