Коом

Бишкекте ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылды

Ордо калаадагы Ботаникалык бакта милиционердин сөөгү табылганын, ал Бишкектин Октябрь РИИБ башчысынын мурдагы орун басары экенин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыкташты деп билдирди аталган маалымат булагы.

Милициянын сөөгү кечээ күндүз табылган. Алдын ала маалымат боюнча, маркум өз өмүрүнө кол салган.

РИИБден билдиргендей, 5-февралда милицияга маркумдун жубайы кайрылып, күйөөсү 4-февралдан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган иш бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button