Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду
Бишкекте 3 акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 13-февралдан 27-февралды кошо алгандагы мезгил аралыгына төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
— Бишкек шаары, Дэн Сяопин проспекти 2-үй, 1-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Альфа М Кэш» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 6357 лицензиясы;
— Бишкек шаары, 7-Апрель көчөсү 223, «Мадина» соода комплекси, «Начало» катары (№07 бутик) дареги боюнча жайгашкан «Амир-Умар» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 6517 лицензиясы;
— Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 206 дареги боюнча жайгашкан «ЮПэй» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2023-жылдын 22-майындагы № 6528 лицензиясы.



