Без рубрики

КР Айыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук финансылык бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасы

2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралган. Бул туурасында Эсептөө палатасынын басма сөз катчысы билдирди.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:

каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар — 60 147,1 миң сом;

бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери —  943,8 миң сом;

Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери  — 760,0 миң сом;

бюджеттин чыгымдар бөлүгү  жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары ж.б. — 76 019,5  миң сом;

рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар — 289485,6  миң сом;

эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу — 45001,2 миң сом.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214397,9 миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button