Коом

Кыргызстандын аймагында бир катар унаа жолдорго чектөө киргизилди. Тизме

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өлкө аймагында жабык болгон унаа жолдор тууралуу маалымат берди.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам өлкө аймагындагы төмөнкү унаа жолдоруна чектөөлөр киргизилген:

— Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-чакырымдан тартып, 130-чакырымы;
— Каракол – Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымынан тартып, 95-чакырымына чейин жол жабык;
— Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 45-чакырымынан тартып, 60-чакырымына чейин жол жабык;
— Түп – Кеген унаа жолунун 39-чакырымынын тартып 76-чакырымына чейинки аралыгы.

ЖКККББ айдоочулардан жогорудагы унаа жолдорго киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button