Коом
Акылбек Жапаров аны Садыр Жапаров тойлордон кутултканын айтты

“Менин убактым чектелүү десем депутаттар капа болуп калышат. Той-ашка да бара албай жүрөбүз. Садыр Нургожоевич да абдан чоң нерседен кутултту. Мурунку президенттер тойго барчу, алар барса сен да барасың. Анан ошентип эле 8 саатың жоголчу”, — деди өкмөт башчы.
Ал өлкө бюджетин 700 млрд сомго жеткириш үчүн саатына 80 млн. сом тынбай таап турушу керектигин белгиледи.



