Пайдалуу кеңештер

Градусник сынган учурда эмне кылуу керек? ӨКМден кеңеш

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен сымап градусник сынган учурда эмне кылуу керек экендиги тууралуу айтып беришти.

ӨКМден белгилешкендей, бөлмө ичинде градусник сынып, сымап майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.

Жердеги сымапты резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырдын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!

Чогултулган сымапты суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.

Сымап төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп-тазалаңыз.

Сымапка уулануу 8-24 саат ичинде билинет, анын белгилери:

— Алсыз болуу;
— Табиттин жоголушу;
— Баш оору;
— Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
— Ооз көңдөйүнүн канашы;
— Ич оруу;
— Көңүл айнуу, кусуу;
— Ич өтүү;
— Шишик пайда болот.

Эгер ушул белгилердин бири пайда болсо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button