Коом
Садыр Жапаров борбордук мечитте ооз ачуу өткөрдү

Анда өлкө башчы шам намазын окуп, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөргөн. Ал өз сөзүндө дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды.

«Президент өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи», — деди Жапаровдун маалымат кызматы.




