Окуялар

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда рейд жүрдү

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларда алдын алуу иш-чаралары өткөнүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ээлер, администратор жана кызматкерлер менен маектешүү өткөрдү. Аларга кылмыш үчүн жоопкерчилик каралгандыгы эскертилди. Мындан тышкары, ээлерине ички көзөмөлдү күчөтүү жана өз объекттерин кылмыш жасоо үчүн колдонттурбоо сунушталды.

Рейд өткөрүлгөн жайлардын тизмеси:

— «Шансон»;

— QQ бары;

— «Кипиш»;

— Thai Bar;

— Kevin’s Bar;

— NOX;

— Sky Baku.

Тектеш кабарлар

Back to top button