Окуялар

Бишкекте жаш баланы порнобизнеске тартууга шектүү кармалды

Борбор калаада порнографиялык сайттарды иштетип, жаш баланы порнобизнеске тартууга шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Мындай кылмыштын бетин ачуу операциясы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте Нидерланд жана Норвегия полициясынын көмөгү менен жүргүзүлгөн.

«Балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана жайылтуу фактылары ачык түрдө веб-сайтта жана даркнетте аныкталган. Ошондой эле балдар катышкан порнографиялык мазмундагы сайттар түзүлүп, таратылып жаткан. Сайттарга кирүү үчүн криптовалюта менен төлөп, накталай акча алуу Кыргызстандын жарандарынын катышуусу менен ишке ашып турган», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button