Коом

Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда Toyota Land Cruise үлгүсүндөгү унаадан үч жүргүнчү башын чыгарып, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тараган.

Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы айдоочуну издеп таап, автоээнбаштык жасагандыгы үчүн айдоочусуна 15 миң сом айып салып, унаасын айып короо жайына токтотушту.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button