Окуялар

Жалал-Абадда ичимдик ичип отурган аял күйөөсүн бычактап салган

Жалал-Абад шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалыматы кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окуя 25-мартта кечинде болгон. Милициянын маалыматы боюнча, күйөө менен аялы ичимдик ичип отуруп, чырдаша кеткен. Натыйжада аял күйөөсүн бычак менен сайып, алган жараатынан эркек киши көз жумган.

Маркум 52 жашта болгон. Ал аялы менен 2012-жылдан бери чогуу жашап келе жаткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Ошондой эле далил зат катары 1 бычак алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары кармалган 52 жаштагы Л.С. аттуу аял убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button