Коом

Ош округунан Жогорку Кеңешке талапкерлердин саны онго жетти

№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны онго жетти.

Бул тууралуу Аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти. Алар Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов Бекболот Арзибаев, Бекмурза Эргешов, Калтарбек Кыдыров, Юлия Лилиенталь, Эмиль Караев, Нурлан Танабаев арыз берип, каттоого алынган.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында учурда дагы төрт талапкер арыз берип жатканы айтылды. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу бүгүн, 28-март кечки саат 12де аяктайт. Талапкерлердин документтерин каттоо иштери 8-апрелге чейин болот. Ал эми үгүт иштери 8-27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.

Буга чейин 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Айбек Осмонов мандатын өз арызынын негизинде тапшырганы кабарланган.

Ош округунан башка Кара-Суу жана Баткен округуна да шайлоо белгиленген. Боршайком 22-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов (Кара-Суу округу) менен Нурлан Ражабалиевди (Баткен округу) өздөрү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button