Коом

Бишкекте жүргүнчү автобустун контролеруна кол салды

Бишкекте жүргүнчү автобустун контролеруна кол салды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, окуя бүгүн, 28-мартта орун алган. Контролер тарабынан текшерүү учурунда №169 автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири агрессия көрсөткөн. Ал жол кире акысы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан. Жүргүнчү контролерду бетке бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Натыйжада коомдук транспорттун кызматкери бетинен жаракат алган. Учурда алган жаракаттарынын оордугу медициналык текшерүүлөр аркылуу аныкталып жатат.

«Тулпар» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, укук коргоо органдары кол көтөргөн жаранды издөө жана кармоо боюнча активдүү иш-аракеттерди баштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button