Окуялар

УКМК: К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү жарандын унаасын тартып алып, 250000 сом талап кылып кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, маркум К.Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ж.А.А., К.Э.Ж. жана башка адамдар физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, Т.Т.Т. аттуу жарандан 250 000 сом акча каражатын талап кылышкан.

Аталган адамдар Казакстан Республикасынын жараны Т.Т.Т.дан 60 000 сом карызын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган деген шылтоо менен жогорку суммадагы акчаны опузалашкан.

2023-жылдын декабрынан бүгүнкү күнгө чейин карыздын кечиктирилиши үчүн “пайыз” деп аталган сумманы эске алуу менен талап кылынган акча 250 000 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Э.Ж. талап кылынган сумманын 140 000 сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган.

Белгилей кетсек, жогорудагы адамдар Т.Т.Т.га таандык BMW 530 үлгүсүндөгү унааны да күрөө катары  мыйзамсыз ээлеп алып, ал К.Э.Ж. нын гаражын тинтүү учурунда табылган.

Аталган факты боюнча кармалган К.Э.Ж. жана Ж.А.А. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактылары тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312-66-04-75 телефон номурлары  аркылуу тез арада билдирүүгө чакырат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button