Милиция кызматкерлерине инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо тапшырмасы берилди

2024-жылдын 17-майында онлайн режиминде өткөн кеңешмеде милиция кызматкерлерине инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо тапшырмасы берилди. Бул кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
“Кыргызстандын тоо-кен тармагы, чакан, орто жана ири бизнес чөйрөсү, инвестициялар аркылуу ишке кирген өнөр-жайлар менен ишканалар — экономикалык тез өсүштү камсыз кылган негизги потенциал болуп эсептелет.
Бул тармактар элдин социалдык абалынын жакшырышын алдыга жетелеген негизги локомотивин түзөт. Аны менен бирге, жергиликтүү инфра-түзүмдү, айрыкча айыл жергесинде жашаган элдин жашоо-шартын жакшыртууга багытталган тоо-кен өндүрүшүн ишке киргизүүдө, айрым жарандар тарабынан коомчулукка туура эмес маалыматтар берилип жаткан учурлар да жок эмес. Азыркы мезгилде, чет элдик жана ата-мекендик инвесторлорду тартуу, микро-экономикалык жана ыңгайлуу климатты түзүү саясаты мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жатат.
Президентибиздин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндө Жарлыгы чыгарылып, ага байланыштуу укуктук кызыкчылыктарды жөнгө салган ченемдер бир тартипке салынды.
Мына ушундай шарттардан улам, биздин өлкөгө келген инвесторлор, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында ишмердик жүргүзүп жатышкан чакан, орто жана ири бизнестеги ишкерлер өздөрүн коопсуз жана ээн эркин сезиши керек. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге коопсуздук маселесине байланышкан жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн “Комплекстүү иш-чаралар” иштелип чыксын.
Тоо-кен өндүрүш ишканаларына, бизнес чөйрөсүнө жана инвесторлорго карата бардык маселелер — митинг же нааразычылык акциялары аркылуу эмес, экономикалык дипломатия жолу менен гана чечилүүгө тийиш. Андыктан, жер-жердеги тоо-кен ишканаларынын айланасында орун алып жаткан терс пикирлерди алдын алуу жана элге туура түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Ошондуктан, иш-чараларды улантып, мүмкүн боло турган бардык факторлорду тариздеп, алардын ар бирине карата ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү уюштуруңуздар”,-деди Улан Ниязбеков.
Андан сырткары, жер-жердеги ички иштер башкармалыктарынын башчыларына мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү колго алуу тапшырма берилди. “Эгерде, кайсы бир райондо же облуста, тоо-кен тармагында же бизнес жаатында нааразычылыктар орун ала турган болсо, ал маселе чечилбесе, түшүндүрүү иштери жүргузүлбөсө анда ошол аймакка жооптуу жетекчилердин жоопкерчилигин карап, чечим кабыл алабыз.
Качан гана маселе көтөрүп айтканда гана көңүл буруп, ага чейин эч нерсе жасабай отура бергенди токтотуңуздар. Бүгүнкү аппараттык кеңешмде каралган маселелер жана коюлган тапшырмаларды так аткарып, натыйжалуу иш алып барылсын”,-деп баса белгиледи ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.



