Коом

Кыргызстандык окуучулар Аль-Хорезми олимпиадасында үч медель жеңип алышты

Ташкент шаарында 26-31-майда өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында кыргызстандык 3 окуучу медаль жеңип алышты.

Билим берүү жана илим ми нистрлигинен маалымдашкандай, алар №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев коло медаль жеңип алышты.

Олимпиадага Кыргызстандын командасында Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Атажан Чолпонкулов, Нуржамал Пазылбекова жана Даниил Елистратов, Ош шаарындагы эл аралык мектептин окуучусу Бектен Абдувалиев, П.К.Купуев атындагы академиянын окуучусу Айдар Шакиралиев катышты.

Команданын жетекчилери жана машыктыруучулары – Мамат Ишматов жана Тимур Мамбетов.

Бул жылы олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан жалпы 135 окуучу катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button