Жумгалда жылкы уурдап, миллион сомго зыян келтирген шектүү кармалды

2024-жылдын март айынын аягында белгисиз адамдар Жумгал районунун Байзак айылынын тургунунун беш баш жылкысын уурдап, бир миллион сомго барабар зыян келтиришкен.
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурулук) менен кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жумгал РИИБдин кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка катыштыгы бар Тогуз-Торо районунун 2002-жылы туулган А.Н. аттуу жаран аныкталып, ал Ысык-Көл облусунун аймагында кармалган.
2002-жылы туулган А.Н. аттуу жаран Жумгал РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 96-беренесинин тартибинде кылмыш жасаган деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Баш коргоо чарасы сот тарабынан камакка алуу түрү тандалды.
Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.



