Коом
Ошто милиция кызматкерлери өрт учкунун токтотуп калышты

Бүгүн, 2024-жылдын 28-июнь күнү Кара-Суу районунда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен мекеме, уюмдардын арасында спорттук иш-чара өтүп жаткан.

Саат 13:15 чамасында иш-чара өтүп жаткан жерге жакын жерден кара түтүн асманга көтөрүлө баштайт. Милиция кызматкерлери өрт чыкканын көрүп, дароо өрт кызматына кабар берет. Аталган кызматтын тобу келгенче милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан дарактарды жана поезд жолго төшөлгөн жыгачтардагы өрттү өчүрүүгө киришет. Жыйынтыгында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте өрт чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү.



