ДүйнөКоом

ТИМ Таиландда зордуктоого шектелип кармалган кыргызстандык тууралуу маалымат берди

Таиландда кыргызстандыктын зордуктоого шектелип кармалганы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Анда айтылгандай, бул иш боюнча Таиланддын тийиштүү органдары тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги аталган Кыргыз Республикасынын жараны менен байланышта болуп, ага Кыргыз Республикасынын Таиланддагы Ардактуу консулу менен бирге зарыл консулдук жана юридикалык жардамдарды көрсөтөт.

Айыпталып жаткан кыргызстандык тууралуу так маалымат айтыла элек. Айрым маалымат каражаттары аралаш мушташ (ММА) менен машыккан 28 жаштагы Султан аттуу кыргызстандык Пхукет аралында сауна кызматкерин зордуктады деп айыпталып жатканын жазышкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button