Билим берүү министрлигинин тутумуна өзгөртүү киргизилди

Министрлер Кабинетинин токтому менен Билим берүү жана илим министрлигинин структурасына өзгөртүүлөрдү киргизилди. Анын негизинде аталган министрликте жаңы бөлүм пайда болду.
Атап айтсак, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбор министрликтин алдындагы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү. Бирок аталышы өзгөртүлгөнү менен уюмдун максаттары жана милдеттери ошол бойдон калды.
Аталган башкармалыктын иши республикалык бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбастан, өзүн-өзү каржылоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
Белгилей кетсек, Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбор окуучулардын билимин баалоо, жалпы республикалык тестирлөө, мектеп директорлорун жана мугалимдерин тестирлөө менен алектенчү.



