Коом
Россия кыргызстандыктарды өлкө аймагына киргизүүдөн баш тартууда

Акыркы айларда Кыргызстандын жарандарынын көбү Россиянын аймагына кире албай калышты. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин көзөмөл күчөтүлгөнүнө байланыштуу болуп жатканын билдирди.
Жарандарга жардам берүү ниетинде элчиликтин кызматкерлери Москвадагы абамайдандарга барып, кеңеш жана укуктук колдоо көрсөтүп жатышат. Ошондой эле “Аэрофлот” авиакомпаниясы менен Кыргызстанга кайра каттамдарды уюштурууда иштер жасалып жатат.
Ошондой эле элчилик күнү-түнү Кыргызстан жарандары үчүн телефон аркылуу кеңеш берүүгө даяр. Маселе мамлекеттер аралык деңгээлде талкууланууда.



