Коом

УКМКнын академиясы курсанттарды окууга чакырат. Талаптары

УКМКга караштуу генерал-лейтенант Бакаев атындагы Академиясы 2025-2026 окуу жылына курсанттарды кабыл алууну жарыялайт
Талапкерлерге коюлуучу милдеттүү талаптар:

* жашы 17-21 жашка чейин;

* бою 170 см жогору;

* салмагы кеминде 60 кг;

* билими, орточо баллы 4,0 төмөн эмес (окуудагы жетишкендиги жөнүндө табель) толук орто билими жөнүндө аттестат же кесиптик орто билими жөнүндө диплому;

* өзү, анын ичинде жакын туугандары сот жообуна тартылбаган; 

* өзүнүн, анын ичинде жакын туугандарынын чет мамлекеттин жарандыгынын жоктугу.

Аңгемелешүүдөн өткөн талапкерлер, тандоо сынактарынын төмөнкү этаптарына киргизилет:

— дарыгерлердин күбөлөндүрүүсүнөн өтүү;

— дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу;

— психофизиологиялык  күбөлөндүрүүдөн өтүү (IQ-тести);

— полиграфты колдонуу менен атайын психофизиологиялык изилдөө жүргүзүү;

— кирүү экзамендерин тапшыруу.  

Аймактарда жашаган талапкерлер төмөнкү даректер боюнча кайрылса болот:

— Бишкек шаарынан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Жибек-Жолу көч., 322-үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;

— Чүй облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Бишкек ш., Кийизбаев көч., 206-үй, тел.: 0 (312) 54-07-19; 

— Ош шаары жана Ош облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Ош ш., Баялинов көч., 5-үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32; 

— Жалал-Абад облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, 53-үй, тел: 0 (3722) 5-60-49; 

— Баткен облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Баткен ш., Курманжан Датка көч., 15/2-үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33; 

— Талас облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Талас шаары, Карл-Маркс көчөсү, 27-үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43; 

— Нарын облусунан, төмөнкү дарек боюнча аңгемелешүүдөн өтүшөт: Нарын шаары, Ленин көчөсү, 86-үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19; 

— Ысык-Көл облусу боюнча, төмөнкү дарек боюнча маектешүү жүргүзүлөт: Каракол шаары, Кутманалиев көч., 148-үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.

     Окууга документтерди кабыл алуу күнү жөнүндө кошумча маалыматты кабарлайбыз.

      Кененирээк маалыматты www.gknb.gov.kg расмий сайтынан алууга болот. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button