УКМКнын төрагасына жазылган каттын ичинде эмнелер болгон?

Каттын маанисин өзгөртпөй, бирок текстти кыскартып беребиз.
Андагы негизги учурлар:
Автор бардык жетекчилер, анын ичинде күч түзүмдөрү, аткаминерлер жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу маалыматтарды чогулткан.
Катта митинг болот деп белгиленген күнү (бул 17-ноябрь болушу мумкүн) күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери элге каршы чыкпашы керектиги, болбосо алардын балдары жана аялдары жабыркай тургандыгы жазылган.
Анын айтымында, «мамлекеттик төңкөрүш жасоо келишимине» кол койгон. Ага буюртма берген тарап Ташиев өмүр бою өкүттө, кыйналып жашашы үчүн анын туугандарына жана жакындарына жамандык жасоону талап кылган.
Ал жалпы гонорардын 25 пайызын алганын (заказ үчүн — ред.) айтат. Буюртма бергендер алты киши, баары таасирдүү адамдар. Массалык башаламандыкка 65 киши жана «жергиликтүү уюштуруучулардын» катышуусу пландалган.
Каттын ээси буюртманы аткаруудан баш тартканын, себеби азыркы бийликтин тушунда Кыргызстандагы болуп жаткан азыркы өнүгүүлөргө ичи чыкканын (баа бергенин) жазган.
Кат ээсинин бир өтүнүчү бар. Ал — 10 күндүн ичинде Чыныбай Акуновичтин жесирине (кеп ЖКнын мурдагы төрагасы Турсунбеков жөнүндө болушу мүмкүн) “андан тарып алынгандардын” бардыгын кайтарып берүү.
Ошондон кийин гана каттын ээси УКМК төрагасына эсептердин тизмесин, миллиард долларлык баалуу облигациялардын жайгашкан жерин көрсөтүп берерин белгилеген. Эгерде бул өтүнүч аткарылбаса «кан көп төгүлөт» деп коркуткан.
Эгерде Ташиев макул деп тапса, борбордук аянтка, туунун жанына өрт өчүрүү автоунааларын эртеден кечке чейин коюп, Чыныбай Акуновичтин аялын сүйлөшүүгө чакырууну сунуштайт.



