Коом

Кошуна өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип, сот жообунан качып жүргөн жеринен кармалды

Баткен районунун Кара-Бак жана Чек айылынын эки тургуну 2023-жылдын баштарында автоунааларын (бирөөсүнүкү Kia Sportage, экинчисиники Daewoo Tico) белгисиз жаранга келишим баага баалашып, акчаларын ала албай жүргөндүгүн билдирип милицияга арыз менен кайрылышкан. 
Бул арыздар Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде бул белгисиз жаран, автоунаалардын ээлерине башка ысым менен өзүнү тааныштырганын, чындыгында өзү кошуна өлкөнүн жараны экени, аты-жөнү башка экендиги аныкталып, кармалган. 2023-жылдын 16-сентябрь күнү айыбы угузулуп, Баткен райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катарында үй камак түрү тандалган.
 Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан алдамчылык кылмыш иштери боюнча сотко келбей издөөдө жүргөн Өзбекистан Республикасынын жараны 1995-жылы туулган Ош шаарынан кармалып, Кызыл-Кыя шаардык сотунун токтому менен убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button