Коом

Иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыз. Шектүү үй камагына чыкты

Бишкектеги Панфилов сейил багында иштеп жаткан аттракциондон кулаган кыздын окуясынан кийин шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 1-июнга чейин үй камагында болот.

31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 2006-жылы туулган кыз кулап, оор жаракат алып, ооруканалардын бирине жеткирилген. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button