Коом

Баткенде ИИОнун кызматкерлеринин аткарган ишин талкууланып, үч айдын ыкчам жыйналыш болду

Баткен ОИИБдин 2025-жылдын үч ай ичинде аткарган иштерин жыйынтыктаган ыкчам кеңешме бүгүн 14-апрель күнү өткөрүлдү. Жыйынга Баткен ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары катышты.
Облус аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда, катталган кылмыштын бетин ачууда үч ай аралыгында аткарылган иш-чаралар боюнча кеңири маалыматтар уктурулуп, ар бир район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери баяндама жасады.
2025-жылдын үч ай ичинде облустун аймагында коомдук жайларда болгон жалпы кылмыштардын саны 24, ал эми былтыр бул мезгилде 13 болгон, тактап айтканда 24 кылмышка аз катталган
Баткен облус аймагында Экстремизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Баткен облус аймагында Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жалпысынан 26 кылмыш аныкталып, баарынын тең бети ачылган.
Ыкчам жыйында Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов ар бир район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин баяндамаларын угуп ИИОго катталган арыздар таза жана калыс тергелишин талап кылып, өздүк курам арасындагы ички тартипти, мыйзамдуулукту сактоону тапшырып, бир катар сын-пикирлерди айтып өттү.
Чек ара аймактарында кызмат өтөгөн милиция кызматкерлеринин жүрүм-туруму тыкан, жарандарга сылык мамиле жасоо, аткезчилик менен коорупциялык көрүнүштөрдөн оолак болуусун эскертип, катуу тапшырмаларды койду.
Ал эми кызматкерлер арасындагы мыйзамга каршы иш-аракеттер, арызданып келген жарандардын арыздары өз убагында катталып, кылдат текшерилүүсү, милициянын көчмө кабылдамасы менен элге сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү жагын жандантууну, жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери мыйзамдуу иш алып баруусун белгиледи.
Алдамчылык, мал уурулук фактылары боюнча катталган арыздар боюнча жабырлануучуларга кабыл алынган чечимдерди туура жана так жеткирүүнү, ошондой эле ар бир катталган арыздар-даттануулар кылдат текшерилип, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынышы тууралуу тапшырмаларды берди. Ар бир милициянын ыйгарымдуу аймактык өкүлдөрү тейлеген аймагындагы кылмыштуулуктун абалы жана ага таасир этүүчү белгилерди билүүсүн айтып өттү.
Ошондой эле Баткен облусундагы милициянын көчмө кабылдамалары түзүлгөн графиктин негизинде жер-жерлердеги алыскы аймактарга барып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, 2025-жылдын үч ай ичинде 156 жаран ар түрдүү арыз-даттануулар менен кайрылып, 115 жаранга милициянын ыйгарымдуу аймактык тескөөчүлөрү тарабынан юридикалык кеңештер берилген.
Мындан тышкары, өз кызматтык милдеттерин толук жана сапаттуу аткарбаган айрым кызматкерлерге карата тиешелүү тартиптик чаралар көрүлүп, эскертүүлөр жана тартиптик жазалар берилди. Бул аракеттер тартипти бекемдөө жана жоопкерчиликти жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов жыйындын катышуучуларына бир катар кемчилдиктерди айтып, керектүү тапшырмаларды коюп, Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан жакшы колдоолор, шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеп, өздүк курамды мыйзамдуулукка, тактыкка жана калыстыкка чакырып өттү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button