Коом

УКМК: Балыкчыдагы 6847 чарчы метрди түзгөн «Мал базары» мамлекеттик баланска кайтарылды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын муниципалитетинин жерлерин жана мүлктүк комплекстерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан 6847 чарчы метр (азыркы Балыкчы шаарынын «мал базары») жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

Жогоруда аталган объект муниципалитеттин менчигинен чыгарылып, Балыкчы шаардык администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген ченемдерин бузуу менен, 2000-жылдагы токтомдун негизинде жол-жоболоштурулгандыгы такталган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча участок мамлекеттик менчикке  кайтарылды жана тиешелүү баланска коюлду.

Тектеш кабарлар

Back to top button