Дүйнө

Алла Пугачева менен Максим Галкиндин үйүнө жумшаган каражаты ачыкка чыкты

Ырчы Алла Пугачева жана куудул Максим Галкин Москванын жанындагы Грязь кыштагындагы сепилдерин кармоого айына болжол менен 1,2 миллион рубль коротушат. Бул сумманы риэлтор Алина Правоторина aif.ru сайтына берген маегинде келтирди.

«Так бааларды айтуу кыйын. Бирок ортомчулар бул үйдү сатуу боюнча мага бир нече жолу кайрылышты. Мен дагы тейлөөгө кеткен чыгымды сурадым. Ай сайын жалпы чыгым болжол менен бир миллион эки жүз миң рублди түзөт. Анын ичинде салыктар, коммуналдык кызматтар, кызматкерлердин маянасы бар», — деп түшүндүрдү эксперт.

Ал белгилегендей, мүлк кадастрдык реестрге расмий катталса, ага кеткен чыгым бир топ жогору болмок. Учурда имараттын расмий дареги жок, ээлери салыкка 180 миллион рублдан ашык карыз.

Мындай үйдү сатуу абдан кыйын экенин Правоторина кошумчалады. Бул жагымсыз жерде, участогу толугу менен тегиз, тегереги дачалык типтеги панелдүү имараттар менен курчалган. «Эгерде имарат мамлекетке өткөрүлүп берилсе, ал карылар үйү же психиатриялык оорукана катары колдонулушу мүмкүн», — деди риэлтор.

Буга чейин Галкин Грязидеги үйү үчүн Мосэнергосбытка карызын төлөгөндүгү кабарланган. Төлөнбөгөн сумма 432 000 рубль болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button