Борбор калаанын сууларынан антибиотиктерге туруктуу бактериялар табылды

Бишкектин жер үстүндөгү жана каналдардагы агынды сууларынан микробго каршы дарыларга туруктуу бактериялары аныкталды. Бул тууралуу «Кыргызстандын саламаттыгы» журналына жазып чыкты.
Ал эми, изилдөөнүн жыйынтыктарында микробиологиялык булгануунун жогорку деңгээлин тастыктады. Окумуштуулардын айтымынды суунун микробиологиялык сапатын изилдеп, шарттуу-патогендүү микроорганизмдердин кеңири таралган штаммдарын аныктап, алардын антибиотиктерге сезгичтигин баалашкан. Изилдөө учурунда бактериологиялык жана титрлөө ыкмалары колдонушкан. Анын пробаларын алуу КМС ISO 19458:2009 нормативдик документине ылайык, биокоопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлгөнү айтылды.
Айта кетсек, 2013–2022-жылдардын аралыгында Бишкекте жер үстүндөгү суулардын 113 пробасы изилденип, алардын 40,7%ы гигиеналык нормаларга жооп бербегени аныкталган. 2024-жылы 82 проба анализденип, «Enterobacterales» иретине кирген шарттуупатогендүү бактериялар жана микст-инфекциялар аныкталган. Алардын катарында «E», «coli», «Proteus», «Enterobacter» түрлөрү бар. Анализ көрсөткөндөй, «E», «coliнин» бөлүнүп алынган штаммдарынын микробго каршы дарыларга сезгичтиги 35%дан (амоксициллин/клавулан кислотасына) 70%га чейин өзгөргөн. «Жүргүзүлгөн изилдөө Бишкектин жер үстүндөгү жана агынды сууларынын микробиологиялык булгануусунун жогорку деңгээлин тастыктады жана микробго каршы дарыларга туруктуу бактериялардын бар экенин көрсөттү», — деп айтылат корутундуда.



