Коом

25-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу болбойт

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 25-ноябрда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Чектөө саат 9:00—17:00 аралыгында чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдар бакчаларда, медициналык мекемелерде, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттеринде болот. Дарек: БЧКдан Баялинов көчөсү, Логвиненко көчөсү, Дон көчөсү жана Орозбеков көчөсү — Жибек Жолу проспектисине чейин. Суунун өчүрүлүшү Логвиненко көчөсүндөгү суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button