Кыргызстан менен Япония соттук экспертиза жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенүүдө

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта Япониянын Юстиция министрлигинин укуктук маселелер боюнча Илимий-изилдөө институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн профессору (прокурору) жана укуктук маселелер боюнча Илимий-изилдөө институтунун эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы эксперти Такахаши Шого катышкан жапон делегациясы болушту.


Жолугушуу эки өлкөнүн юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасын ишке ашыруунун жана «Япония менен Кыргыз Республикасынын укуктук системаларынын экинчи биргелешкен изилдөөсүн»даярдоонун алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча соттук экспертиза жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү келечегине өзгөчө көңүл бурушту.
Соттук-эксперттик кызматтын төрагасы Талантбек Кожонов белгилегендей, эл аралык өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү кызматтын стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат.


Өз кезегинде Даики Оку япон тараптын жакынкы арада биргелешкен изилдөөлөргө киришүүгө жана бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык долбоорлорду өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгиледи.
Сапардын расмий бөлүгү аяктагандан кийин конокторго соттук-эксперттик кызматтын бөлүмдөрүнүн иши көрсөтүлдү. Делегация жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн кеңири спектри жана эксперттик бөлүмдөрдүн мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.



